• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкек–Ош унаа жолунда аң-чөнөктөр жамалууда

19 Бугу 202511:12 Бишкек Govori.TV

Бишкек – Ош унаа жолунда аң-чөнөктөр жамалууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Бүгүнкү күндө №9 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери тарабынан жолдун 118-130-чакырымдар аралыгындагы аң-чөнөктөр жамалып, талапка ылйык келтирилүүдө.

Белгилей кетсек, аталган ишкана Бишкек – Ош унаа жолунун 60-209-чакырымдар аралыгын тейлейт. Азыркы тапта жолчулар тарабынан 2312 чарчы метр аң-чөнөктөрдү толтуруу иштери аткарылды. Алдыда жумуштар планга ылайык уланат.

Количество просмотров: 152