• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Чычкан капчыгайында кар көчкү түшүп, Бишкек–Ош жолу жабылды

17 Бирдин айы 202614:36 Бишкек Govori.TV

Бүгүн саат 12:10 чамасында Бишкек – Ош жолунун Чычкан капчыгайынын эки жерине кар көчкү түштү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда Бишкек – Ош жолу бардык унаалар үчүн Сосновка жана Арал өткөрмө постторунан убактылуу жабылды.

Алдын ала маалымат боюнча, жолго түшкөн кар көчкүнүн узундугу болжол менен 100 метрди, ал эми бийиктиги 5 метрди түзөт.

Жолду тазалоо иштерин №23 Жол тейлөө ишканасы жүргүзүүдө. Учурда атайын техникалар тартылып, тазалоо иштери активдүү уланууда.

Кошумча маалыматтар берилет.

Количество просмотров: 109