Asman Airlines авиакомпаниясы 16-апрелде Бишкек–Ош каттамында болгон окуянын чоо-жайын териштирип жатат.
“Кыргызстан аэропорттору” билдиргендей, учурда учак каттамдан убактылуу алынып, адистер бардык системаны текшерүүдө.
Белгиленгендей, Бишкек–Ош каттамы белгиленген шаарга ийгиликтүү конуп, эч ким жабыркабаганын кошумчалады.
Мунун алдында Asman Airlines авиакомпаниясынын 16-апрелде Бишкектен Ошко учкан учагында жүргүнчүлөрдүн абалы начарлап, айрымдары дүрбөлөңгө түшкөнү социалдык тармактарда талкуу жараткан.