• Шаршемби 21 Чын куран 2021

Бишкек-Ош унаа жолундагы чектөө алынды

5 апреля 2021 в 13:28 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 5-апрель саат 11:15ке карата Бишкек-Ош унаа жолу ачык. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 4-апрель күнү саат 19:00дөн тартып Токтогул районунун «Арал» постунда күйүүчү май ташыган оор жүк ташуучу унааларга убактылуу киргизилген чектөө, бүгүн саат 11:10до алынды.

Ал эми Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунун Талды-Булак айылындагы постко убактылуу киргизилген чектөө алына элек.

Количество просмотров: 125