• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Бишкек-Ош жолунда кар көчкү ичиндеги адамдар менен унааны басып калды

11 Үчтүн айы 2023 14:07 Бишкек Govori.TV

10-январда саат 23:45тер чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 132-чакырымында кар көчкү түшкөн. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Көчкүнүн көлөмү 4000 куб метрди түздү.

Кар көчкү түшкөн жер тазаланып, басып калган жеңил унаа чыгарылган. Ичиндеги адамдар аман-эсен куткарылгандыгы тууларуу айтылды. Айдоочунун айтымында тез убакытта унаанын үстүнөн кар тазаланып адамдарды куткарганга жетишип калышты.

“Алгач каттам толугу менен жабылган. Учурда Сосновка посту жеңил унаалардын өтүүсүнө ачык, бирок жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө чектөө киргизилген”, — деп айтылат маалыматта.

Акыркы маалымат боюнча, Учурда жаап өткөн карга, жаан-чачынга байланыштуу 12-январдан 14-январга чейин Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек – Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарындагы Төө-Ашуу ашуусуна, 198-265 чакырымдарындагы Ала-Бел ашуусуна, Чычкан капчыгайына, Суусамыр –Талас – Тараз унаа жолунун 1-14-чакырымдарында жайгашкан Өтмөк ашуусу, кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Количество просмотров: 868