• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

 Бишкек — Ош жолунда таштар кулады

16 Чын куран 2024 13:26 Бишкек Govori.TV

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы Бишкек — Ош жолунда кооптуу абал түзүлгөнүн эскертти.

Башкармалыктын маалыматына караганда, кар жана жамгыр жаап, аба ырайынын кескин өзгөрүүсүнөн улам Бишкек — Ош унаа жолунун 315-чакырымынан 427-чакырымына чейинки аралыгында таштардын жана кумдардын жолго кулап түшүүсү катталууда.

«Азыркы учурда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери Транспорт министрлигинин кызматкерлери менен биргеликте жолдорду тазалоо иштерин жүргүзүүдө», — деп айтылат маалыматта.

ЖКККББнын Жол көзөмөлдөө бөлүмү өлкө аймагындагы жолдордун кырдаалын көзөмөлдөп, жеринен тийиштүү иштерди алып барууда. Азыркы учурда өлкө аймагындагы жолдор ачык жана эч кандай чектөөлөр жок.

Количество просмотров: 81