• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Жер титирөөдөн улам Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолуна таштар кулады

23 Үчтүн айы 2024 11:24 Бишкек Govori.TV

Жер титирөөдөн улам Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 410-чакырымында тоо боорунан топурак, таштар кулады. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, жолчулар унаа кыймылына тоскоолдук жараткан таштарды колдун күчү жана атайын техниканын жардамы тазалап, жумуштар түнкү саат 2:20да жыйынтыкталды.

“Өлкөнүн башка унаа жолдорунда мындай көрүнүштөр катталган жок”, — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, бүгүн түнкү саат 00:09да Кытай Эл Республикасынын аймагында күчү 8 баллга жеткен жер титирөө катталды. Жердин силкинүүсү Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун “Кумтөр Голд Компани” ишканасынын аймагында 6 балл, Каракол шаарында жана Тоң районунун Каджы-Сай айылында 4,5 балл, Нарын облусунун Нарын шаарында 4 балл, Бишкек шаарында 3 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Количество просмотров: 178