• Жума 17 Теке 2026
  • Пятница 17 Июль 2026

Бишкек-Ош жолунда жүк ташуучу автоунааларга чектөө киргизилди

8 Жетинин айы 202417:29 Бишкек Govori.TV

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Бишкек-Ош жолундагы «Сосновка» өткөрмө бекетинен жүк ташуучу автоунааларга 8-ноябрда саат 15:20дан тартып убактылуу чектөө киргизилгенин билдирди.

«Жол тайгак болуп жаткандыгына байланыштуу кырсыктын алдын алуу, жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу жана жол тыгынын болтурбоо максатында №9 жол тейлөө мекемесинин сунушу боюнча чектөө кирди», — деп айтылат маалыматта.

Мекеме жолдун абалы жакшырган учурда чектөө алынарын айтты.

Количество просмотров: 161