• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Бишкек-Ош жолунда жүк ташуучу унаа оодарылып калды (сүрөт)

26 Жетинин айы 2021 17:46 Бишкек Govori.TV

Маалыматка ылайык, Бишкек-Ош унаа жолунун 213-чакырымында Ала-Бел тилкесинде Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү унаа, жолдун четинде оодарылып калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине куткаруу тобу КаМАЗ унаасы менен тартылып, тыгылып калган унааны сүйрөтүп чыгарып беришкен.

Такталган маалымат боюнча жабыркагандар жок.

Андыктан тоолуу аймактарга жолго чыгып жаткан айдоочулар төмөнкү сунуштарды эске алуусу керек:

  • ӨКМдин Гидрометеорология агенттигинин аба ырайы жөнүндө маалыматын эске алуу;
  • Тоолуу аймактардагы жолдор аркылуу айдап жатканда унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты сактоо;
  • Унааларга кышкы дөңгөлөктөрдү салуу;
  • Аптечка, чынжыр жана чакан күрөк алып алуу.

Ошондой эле өзгөчө кырдаал болгон учурда 112 акысыз номерине чалыңыз.

Количество просмотров: 672