Бишкек-Раззаков-Бишкек багыты боюнча каттам эртеңкиге жылдырылды. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, «Тез Жет» авиакомпаниясынын учагы «Ош» аэропортунда техникалык мүчүлүштүккө учурагандыгына байланыштуу оңдоо иштери жүргүзүлүп жатат.
Азыр Оштон Бишкекке жүргүнчүлөрдү жеткирүү маселеси чечилүүдө.