• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкекте жаңы автобус каттамы ишке кирди

16 Жетинин айы 202511:06 Бишкек Govori.TV

15-ноябрдан тартып борбор калаада №66 жаңы  электробус каттамы ишке кирет. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Эми Көлмө конушунан 8-кичирайонго чейин ыңгайлуу, үнөмдүү жана экологиялык жактан таза электробустар каттай баштайт.

Маршруттун багыты: Көлмө конушу — Мидин көчөсү — М.Ганди көчөсү — Жаш Гвардия бульвары — Чүй проспектиси — Бейшеналиева көчөсү —  Киев көчөсү — Байтик Баатыр проспектиси — Токомбаев проспектиси  ал эми акыркы аялдама 8-кичирайон.

Электробустар заманбап жабдуулар менен камсыздалып, жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу отургучтар, кондиционер жана USB кубаттагычтар менен жабдылган.

Количество просмотров: 174