• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары таратылат

22 Баш оона 202413:47 Бишкек Govori.TV


Бишкек шаардык мэриясында административдик аймактык реформанын алкагында жаңы мыйзамдарды ишке ашыруу боюнча маселелер талкууланды.

КР Боршайкому “Административдик аймактык реформалардын мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам жарыяланганын кабарлаган. Мыйзам күчүнө киргенден кийин администрациялык аймактык бирдиктердин чек араларынын өзгөрүшүнө, ошондой эле администрациялык аймактык түзүлүштүн жалпы өзгөрүшүнө байланыштуу жергиликтүү кеңештер таратылат.

Боршайком мурда маалымдагандай, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын сентябрь айында таратуу күтүлүүдө. Ал эми жергиликтүү кеңештердин депутаттарын кайра шайлоо 2024-жылдын 17-ноябрына дайындалышы ыктымал.

Ушуга байланыштуу 29-августта Бишкек шаардык кеңешинин кезексиз XXV жыйыны болот. Күн тартибине кандай маселелер коюлганы азырынча белгисиз.

Учурда Бишкек шаардык кеңешинде 235 депутат бар. Административдик аймактык реформа боюнча мыйзам кабыл алынгандан кийин, Бишкек шаардык кеңешинде азыркы 235 депутаттын ордуна кайрадан 45 депутат болот.

Количество просмотров: 184