Бишкек.01.04.2019.Govori.TV.
Биометрикалык паспортту чыгарууда тендерден уткан компания менен жең ичинен сүйлөшүп, коррупцияга барган деп айыпталгандардын бири Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчисинин орун басары Руслан Сарыбаевдин баш коргоо чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарылган. Муну Бишкек шаардык соттун маалымат кызматы “Соттун мындай чечимине — шектүүнүн тергөө органдары менен кызматташып жатканы, үч өспүрүм баласы бар экени жана жакында апасы каза болгону таасир этти”,-деп Govori.TVга билдирди.
Буга чейин маалым болгондой, УКМК соттун чечими менен үч аткаминерди камакка алган. Алар: Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчисинин орун басары Руслан Сарыбаев, статс-катчы Талант Абдуллаев жана «Инфоком» компаниясынын директору Талант Абдуллаев.