• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Бишкек шаарындагы жер тилкелерин сатуу боюнча  кылмыш иши ачылган

30 Бугу 2018 10:11 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 30.05. 2018. Govori.TV

“Бишкек шаарындагы муниципиалдык менчик жер тилкелерин сатуу боюнча эки кылмыш иши ачылган”. Бул тууралуу ЖКдагы Башкы прокурордун отчету учурунда белгилүү болду.

“Бишкек шаарындагы жер тилкелерин мыйзамсыз сатуу боюнча “Коррупция” беренеси менен кылмыш иши ачылган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Бул маанилүү маселенин аягына чыгабыз”,-дейт башкы прокурордун тергөө башкармалыгын башчысы ЖКнын жыйыны учурунда.

Маселени көтөргөн эл өкүлү Акылбек Жамангулов бул резонанстуу ишти аягына чыгарууну башпрокурор Өткүрбек Жамшитбековго сунуш кылып, жыйынтыгын ачык жарыялоону өтүндү.

Количество просмотров: 14