12-февралда, Бишкек шаарындагы Биринчи Май районунда 5 үй өрттөнүп кетти.
Алдын ала маалымат боюнча, Жибек-Жолу жана Тимирязев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан май алмаштыруучу жайдан жана жанаша жайгашкан турак үйлөрдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Өрттү өчүрүүгө КР ӨКМнен жалпы 10 бөлүм, 1 Камаз унаасы көбүк менен (пена), Куткаруу кызматынан 4 куткаруучу, Штаб жана ККББнын КБП унаасы менен ыкчам топ тартылган. Мындан сырткары “Бишкексууканал” МИден 1 суу ташуучу унаа, Бишкек жашылдандыруу чарбасынан 1 суу ташуучу унаа, “Тазалык” ишканасынан 1 суу ташуучу унаа ИИМден 4 унаа 111 кызматкер, 2 тез жардам унаасы, РЭТ жана Бишкек газ чарбасынын кызматкерлери тиешелүү иш-чараларын жүргүзүүдө.
Жеринде КР ӨКМнин орун басары Д.Алимбеков иш-чараны көзөмөлдөөдө. Кошумча маалымат берилет.