• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Бишкек шаарындагы көрүстөндөргө видеокөзөмөл орнотуу пландалууда

9 Чын куран 202610:23 Бишкек Govori.TV

Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңешинин турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетика комплекси, транспорт, коммуникациялар жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын жыйынында «Бишкек ритуалдык кызматтар агенттиги» муниципалдык ишканасынын директорунун милдетин аткаруучу Кубат Курамаев билдирди.


Анын айтымында, видеокамераларды орнотуу иштери быйыл башталат. Бул үчүн атайын техникаларды сатып алууга тендер жарыяланары күтүлүүдө.


Ошондой эле ишкананын пландарында экскаватор, самосвал жана суу ташуучу унаа сатып алуу каралган.


Мындан тышкары, «Бишкек ритуалдык кызматтар агенттиги» көрүстөн үчүн жер тилкелерине тиешелүү уруксат документтерин алууну көздөөдө.

Количество просмотров: 178