• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Бишкек шаарынын түндүк тарабындагы панорамада өрт чыкты

16 Аяк оона 2018 14:36 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 16.09.2018. Govori.TV

Бишкекте тамекиден тутанган өрттөн панораманын 5 гектар аянты күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка караганда, тилсиз жоонун келип чыгышына тамеки тартуудагы этиятсыздык себеп болгон.
«Кырсык тууралуу маалымат 16-сентябрга караган түнү саат 2:39да келип түшкөн. Өрттү өчүрүү үчүн 2 бөлүм тартылып, саат 4:42 чамасында толук өчүрүлгөн. Жалпысынан 5 гектарга жакын аянттагы куураган чөп жана бадалдар күйгөн. Жабыр тарткандар жок», — деди Шерипова.
Количество просмотров: 25