• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Бишкек ШИИББдин башчысы кызматтан алынганы айтылууда

19 Баш оона 20239:17 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын ИИБ жетекчиси Азамат Ногойбаев кызматынан алынганы айтылууда. Бул тууралуу Kaktus.media күч түзүмдөрүндөгү өздүк булактарына таянып жазды.

Маалыматка караганда, Ногойбаев 18-августта кызматынан алынган алты жетекчинин арасында бар экени айтылды.

ИИМ бул маалымат боюнча комментарий бере элек.

Буга чейин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлеринин кармалышы боюнча 18 жетекчи жазаланган. Алардын ичинен 6 жетекчи ээлеген кызматынан бошотулуп, калган 12 жетекчиге карата ар кандай тартиптик жазалар колдонулган.

Ногойбаев бул кызматка 2021-жылдын май айында дайындалган.

Количество просмотров: 134