• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Ногойбаев «секелек кыздар «ыктыярдуу түрдө» жыныстык катнашка барышат»,-дегени үчүн кызматтан кетиши керекпи?

4 Чын куран 2023 15:33 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Азамат Ногойбаев 31-мартта түз эфирдеги маалымат жыйында Бишкек шаарында зордуктоого кабылгандан 5 айдан кийин өз жанын кыйган 13 жаштагы кыздын окуясы боюнча суроолорго жооп берген. Ал анда жашы жете элек кыздар бойго жеткен эркектер менен «ыктыярдуу түрдө» жыныстык катнашка барарын, мындан улам «кырсыктар» катталып жатканын айткан.

Ногойбаевдин бул билдирүүсү коомчулукта кызуу талкуу жаратып, анын дарегине сын-дооматтар айтылган. Ал эми Ички иштер министрлиги Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Азамат Ногойбаевдин жашы жете элек кыздар тууралуу билдирүүсү боюнча кызматтык териштирүү баштаганын билдирген.

Акыйкатчы аппараты Ногойбаевдин билдирүүсүнө реакция жасады.

“Балага карата зомбулук эң кооптуу көйгөйлөрдүн бири болуп саналат, бул баланын физиологиялык, психологиялык, социалдык жана сексуалдык өнүгүүсүнө коркунуч жаратат, анын кийинки жашоосуна зыяндуу кесепеттерди алып келет. Бүткүл дүйнөдө балдарга карата сексуалдык зомбулук балага катаал мамиле кылуунун түрү катары саналат. Коом балага каршы жасалган кылмыш — бүткүл Кыргызстан үчүн уяттуу көрүнүш экенин түшүнүүгө тийиш”, — деди Атыр Абдрахматова.

андан кийин, 3-апрелде Бишкек ШИИБинин имаратынын алдында нааразычылык акциясы өтүп жатат. Чогулгандар Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Азамат Ногойбаевдин кызматтан кетишин талап кылууда.

Бул маселеге депутаттар кандай карайт? Азамат Ногойбаев кызматынан кетиши керекпи?,-деген суроолорго жооп берди. Толугу менен бул жактан көрүңүз:

Количество просмотров: 1478