Бишкек ШИИББдин башчысы Азамат Токтоналиев «Сводка АКИpress» редакциясына 1977-жылы туулган, Бишкек ШИИББнын мурдагы инспектору У.Б. шектүү болуп жаткан резонанстуу кылмышка комментарий берди.
Токтоналиев укук коргоо органдары өзгөчө оор кылмыштар боюнча шектүүлөрдү, анын ичинде мурунку кесиптештерин жашыруу менен алек эмес экенин белгиледи.
«Окуя болгон учурда анын мурда милицияда кызмат өтөгөнү тууралуу маалыматыбыз жок болчу. Анын туугандарынын айтымында, ал 2019-жылга чейин МАИде иштеп, андан кийин пенсияга чыккан. Учурда, социалдык тармактардан белгилүү болгондой, ал фитнес-тренер болуп иштеген», — деди ШИИББдин башчысы.
23-декабрь күнү кечинде Бөкөнбаев көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн батирлеринин биринде аял күйөөсүнүн колунан ажал тапкан. Маркум менен анын күйөөсүнүн ортосунда ажырашуу процесси учурунда чыр чыкканы айтылган. Шектүү катары 48 жаштагы адам кармалган.
24-декабрда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчиси Азамат Токтоналиев келиндин өлүрүлүшү тууралуу маалымат берген. Аны атууга шек саналып жаткан күйөөсү жарашканы келгенин, аялын куттуктап атайын торт менен гүл сатып алганын, экөө бир машинада чогуу келип, үйгө чогуу киргенин айтып, үй-бүлөлүк чыр-чатактан чыккан кандуу окуяга ичимдик гана себеп болгонун билдирген. Келинди күйөөсү жумушуна барып машинага күчтөп салып кеткен деген маалыматты жокко чыгарган.Анын билдирүүсү социалдык тармактарда нааразылык жараткан жана «кылмышкерди актап жатат» дегендей мазмундагы пикирлер айтылган.