• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Бишкек ТЭЦтин экс-директоруна коркутуулар болууда

13 Жалган куран 2018 14:56 Бишкек Govori.TV
Бишкек.13.03.2018.Govori.TV
Бишкек ЖЭБдин кызматтан алынган мурдагы директору Нурлан Өмүркул уулуна коркутуулар болгон. Бул тууралуу ал биздин агенттикке берген интервьюсунда айтты.
«Мени жумуштан алгандан кийин, бир кишилер аркылуу коркутуп, «резкий движение» кылсаң отургузабыз, жалган болсо дагы отургузабыз деп коркутуу болду. Андан тышкары ЖЭБде бир-эки тууганым, байкем иштейт. Аларды да айтты, бир себеп таап отургузабыз деп. Бирок, мен өзүмдү билем, жаман иштерге кошулган эмесмин, ошон үчүн коркпой эле ишти ачык эле айтып жатам»,-деди Өмүркул уулу.
Нурлан Өмүркул уулу айтып жаткан сөздөрүн документтер менен далилдеп берүүгө даяр экенин билдирип, өзү тууралуу энергетиктерден, ЖЭБ кызматкерлеринен да сурап көргүлө деди.
Количество просмотров: 25