• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкек ТЭЦи газга өткөрүлөбү?

4 Аяк оона 202416:17 Бишкек Govori.TV


Учурда Кыргызстандын ТЭЦин газга өткөрүү үчүн Орусиядан импорттолгон газ жетишсиз. Бул тууралуу Биринчи радионун түз эфиринде Бишкек шаарынын вице-мэри Талайбек Байгазиев билдирди.

“Газпром” компаниясы менен 2027-жылга чейин Кыргызстанга ири көлөмдөгү газ бериле турганы боюнча узак мөөнөттүү келишимдерге кол коюлган. Ага чейин реконструкциялоо жана модернизациялоо иштерин жүргүзүү керек», — деди ал.

Анын айтымында, Бишкектеги башкы ТЭЦте газ турбиналык агрегаттарга кошулуу менен кубаттуулугу 95 мегаватт болгон буу турбиналык агрегаттары ишке киргизилет. Ошондо анын жалпы кубаттуулугу 250 мегаватт болот.

«Ал эми ТЭЦ-2ни модернизациялоо үчүн түркиялык компания менен комбинирленген циклдик станцияны орнотуу боюнча дагы бир инвестициялык келишимге кол коюлат. Ал жерде жылуулук магистралын жана электр энергиясын чыгарууну жандандырабыз. Бул үч жылга созулат», — деп кошумчалады вице-мэр.

Количество просмотров: 69