Катуу сууктан улам Нарын облусундагы Ак-Талаа районунун мектептери бир жумага аралыктан окуйт.
Ыкчам штабдын отурумунда окуучулардын коопсуздугун алдын алуу максатында аралыктан окутуу чечими кабыл алынган.
Маалымдалгандай, эртең менен аба ырайы нормадан ашып, -30-35 градустун тегерегинде болууда. Ал эми мектепке саат 7-8дерде 2 чакырым аралыктан, алыскы жактардан келип окуган окуучулар бар.