• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Бишкек ЖЭБге 275 миң тонна көмүр жеткирилди

18 Аяк оона 2023 9:39 Бишкек Govori.TV

2023-2024-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү максатында Бишкек Жылуулук электр борборунда көмүр алуу процесси уланууда. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө мурда жетишилген макулдашууларга ылайык 40 вагон жергиликтүү Кара-Кече көмүрү ташылып келүүдө. Жалпысынан Кара-Кече разрезинен 600 миң тонна, Таш-Көмүрдөн 50 миң тонна көмүр жана Казакстандан 550 миң тонна көмүр сатып алууга келишимдер түзүлгөн.

Ошентип, бүгүнкү күндө ЖЭБдин кампаларында 187 миң тонна жергиликтүү көмүр жана 88 миң тонна импорттук көмүр бар.

Белгилей кетсек, алдыдагы күз кыш мезгилине ЖЭБге 1,200 млн тонна катуу отун керектелет. Көмүрдү жеткирүү график боюнча 2024-жылдын мартына чейин жүргүзүлөт.

Количество просмотров: 56