Жылытуу мезгилине карата Бишкек шаарынын тургундары үчүн жалпы 240,2 миң тонна көмүр даярдоо пландалган. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Көмүр даярдоо иштери 2025-жылдын июль айынан башталып, жыл аягына чейин улантылат.
Учурда 159,43 миң тонна көмүр даярдалып, план 66,3%га аткарылган.
Бүгүн мэриянын Отун-энергетикалык комплекси департаменти, Энергетика министрлиги, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги, Муниципалдык инспекциянын өкүлдөрү менен биргеликте бардык отун кампаларын жана көмүр сатуу пункттарын текшеришти.
Текшерүүнүн жүрүшүндө көмүрдүн баасы 5 800 сомдон 8 000 сомго чейин экени аныкталды. Баалар көмүрдүн маркасына жана чыккан жерине жараша өзгөрөт.
Бүгүнкү күндө Бишкек шаарында калкка көмүр сатуу үчүн 10 отун базасы жана бир катар стационардык сатуу пункттары иштеп жатат.
Отун базалары:
Ленин району:
Мурман көч., 126;
Мурман көч., 45/2. “Кара Тоо” ЖЧКсы;
Мурман көч., 122, 122а. “Береке” ЖЧКсы;
Мурман көч., 1б. “Беш-Сары” ЖЧКсы;
Алыкулов көч., 3;
Ден Сяопин пр., 308/4. “Болотбеков” ЖИ;
Б.Алыкулов көч., 6б. “АбиевНурлан” ЖИ;
Б.Алыкулов көч., 1д/1.
Октябрь району:
Аламүдүн станциясындагы «Төкөлдөш» конушу, «Глобал Азия Пропертиз» ЖЧКсы.