Бишкек жылуулук электр борборунда 10-апрелде өрт чыкканы белгилүү болду. Мекеменин басма сөз кызматы маалыматты тогузунчу өткөрүп берүүчү ленталык конвейерден чыккан өрттөн бир жумушчу жаракат алганын билдирди.
Анда окуя этиятсыздыктан болгону, жабыркаган кызматкер Бишкек шаардык клиникалык тез жардам ооруканасына жөнөтүлгөнү белгиленген. Борбордо иш азыр кадимкидей тартипте жүрүп жатканы кошумчаланган.
Мунун алдында «Кактус Медиа» басылмасы борбордогу булактарына таянып шаршембиде мекеменин күйүүчү май — транспорт цехинде көмүрдүн майда калдыктары өрттөнүп кеткенин, андан бир киши жабыркаганын жазган.
2-февралда ЖЭБде жарылуу болуп, электр энергиясын өндүргөн жана жылуулук берген отказандардын көбү өчүп калган.