• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Бишкекке Дубай, Дели, Москва жана Сургуттан учуп келгендер обсервацияга алынышты

22 Жалган куран 2020 11:22 Бишкек Govori.TV

Акыркы сутка ичинде “Манас” аэропортуна төрт каттам учуп келди.

Маалыматка ылайык, каттамдар Дубай, Дели, Москва жана Сургуттан учуп келген.

Жүргүнчүлөрдүн толук саны боюнча азырынча так маалымат жок.

Белгилүү болгондой, бардык учуп келген жүргүнчүлөрдү автобустар менен обсервацияга алып кетип жатышат. Алар эң аз дегенде ал жакта 3 күн болушат.

Мындан тышкары, аэропоттон билдиришкендей, коронавирус инфекциясын алдын алуу жана жайылуусуна жол берөө максатында аэровокзалдын имаратына жүргүнчүлөрдөн башка адамдардын кирүүсүнө тыюу салынууда.

Ал эми Москва-Бишкек транзиттик каттам менен келген жүргүнчүлөр карантинге жайгаштырылган шарттарга нааразы болушууда. Аларды аба майданынан анализдерди алган соң 192 адамды автобустар менен алып келишип мектеп-интернатындагы 12 орундуу бөлмөлөргө жайгаштырышкан. Бул тууралуу 24.kg агенттиги окурмандын маалыматына таянып жазган.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавирус инфекциясын жуктургандардын саны 14 адамга жетти.

Количество просмотров: 483