Бишкек шаардык троллейбус башкармалыгына шаардык кеңештин төрагасы Жаныбек Абиров жана шаар мэри Азиз Суракматовдун катышуусунда 52 троллейбус тапшырылды.
Анын 37 даанасы орусиялык өндүрүштөн, 15и беларусиялык ишкананын троллейбустары. Каттамга 42 троллейбус чыгарылган, калганы эми колдонууга берилет.
Бишкектин мэри Азиз Суракматовдун айтымында, борбордо 11 троллейбус каттамы иштейт, анда күнүнө 128 троллейбус чыгат. Базада жалпысынан 169 транспорт бар.
Кошумчалай кетсек, Троллейбустарды алып келүү боюнча 2015-жылдын 30-ноябрында Европа өнүктүрүү банкы жана Финансы министрлиги ортосунда келишим түзүлгөн.
Насыялык жана гранттык келишимдин жалпы суммасы 7,9 млн евро, анын 5 млн евросу насыя, 2,9 млн евросу грант болуп эсептелет.