• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкекте 1-июнда ысык суу бир айга өчүрүлөт

27 Бугу 202017:03 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында 1-июндан баштап, 1-июлга чейин ысык суу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка шаар мэрия Азиз Суракматов кол койгон.

«Ысык сууну өчүрүү жылда өткөрүлүүчү профилактикалык иштерге байланыштуу жана жылуулук түйүндөрүн жылуулук мезгилине карата даярдоо максатында болот», — деп жазылат маалыматта.

Ошондой эле мэрия шаар тургандарынан ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, ысык суунун өчүрүлүшүнө түшүнүү менен мамиле кылууну сурананган.

Мындан тышкары, мэрия 1-июндан тарта шаардагы фонтандар иштей баштай турганын билдирет.

Количество просмотров: 90