• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкекте 40 күнгө ысык суу өчөт

23 Жалган куран 202617:25 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында 1-апрелден 10-майга чейин профилактикалык жана оңдоо иштерин жүргүзүү үчүн ысык суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Чечим бүгүн, 23-мартта Бишкек шаарынын мэринин орун басары Нургазы Курманбековдун төрагалыгы алдында жылытуу мезгилин аяктоо маселеси боюнча штаб жыйынында кабыл алынган.

«Күз-кыш мезгилинин жүрүшүндө бардык кызматтар күчөтүлгөн тартипте иштеп, керектөөчүлөрдү үзгүлтүксүз жылуулук менен камсыз кылышты. Жылытуу мезгили аяктагандан кийин муниципалдык кызматтар кийинки жылытуу сезонуна даярдык иштерин башташат, анын ичинде оңдоо жана профилактикалык иштер жүргүзүлөт», — деп жазылат билдирүүдө.

Теги:
Количество просмотров: 157