Бишкек шаарындагы Ак-Ордо конушунда16 жаштагы өспүрүм апасына болушуп, өгөй атасын бычак менен сайып жиберген. Бул тууралуу Ленин РИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя 11-апрель күнү болжол менен саат 23:30 чамасында «102» кызматына Улуттук хирургия борборуна бычактан жаракат алган жаран кайрылганы тууралуу билдирүү түшкөн. Анда Ак-Ордо конушундагы турак үйдүн ичинен 2004-жылы туулган М.Т. аттуу өспүрүм апасына кол көтөргөнү үчүн өгөй атасынын көкүрөгүнө, курсагына жана сол ийнине бычак менен сайганы аныкталган.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 138-берене («ден соолукка оор зыян келтирүү») менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
«Иликтөө иштеринин жүрүшүндө туугандарынын үйүндө жүргөн жеринен 16 жаштагы бала кармалып, тергөө камагына киргизилген. Учурда тергөө иштери уланууда», — деп айтылат маалыматта.