• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкекте эки өспүрүм сабалган. Шектүүлөр аныкталды

22 Бештин айы 202510:06 Бишкек Govori.TV

Буга чейин социалдык тармактарда Бишкек шаарынын Мурас-Ордо жаңы конушунда «Башка райондо эмне жүрөсүңөр» деген аталыштагы видео тараган. Видеодо жаш өспүрүмгө карата күч колдонулган көрүнүштөр чагылдырылган.

Биринчи май РИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, аталган факт Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБи тарабынан каттоого алынып. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 280-(бейбаштык) беренесине ылайык кылмыш иши козголду.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Биринчи Май РИИБдин кызматкерлери тарабынан окуяга тиешеси бар 2009-жылы туулган Ж.Т., 2012-жылы туулгаг Б.А., жана 2012-жылы туулган К.Б., аттуу жаш өспүрүмдөр аныкталып, Тергөө кызматына жеткирилди. Ошондой эле жаш өспүрүмдөрдүн мыйзамдуу өкүлдөрү да чакыртылган.

Учурда окуя боюнча текшерүү иштери улантылып, анын жыйынтыгы менен Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык укуктук баа берилет жана чаралар көрүлөт.

Количество просмотров: 114