• Дүйшөмбү 20 Теке 2026
  • Понедельник 20 Июль 2026

Бишкекте №166 автобус каттай баштады

17 Бугу 202412:07 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 17-майдан тарта №166 автобус каттай баштады.

Муниципалитеттен билдиришкендей, буга чейин бул каттамда кичи автобус иштеп келген.

Автобус Ауэзов көчөсүнөн Алтын Ордо конушунда чейин каттайт. Линияда 20 автобус иштейт, тейлөө аралыгы 8-10 мүнөттү түзөт.

«Коомдук транспорттун кыймылын «Менин шаарым» мобилдик тиркемесинде көзөмөлдөй аласыз. Алардын ар бири GPS трекери жана накталай эмес төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн валидаторлор менен жабдылган», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, бара-бара бардык кичи автобустар толугу менен автобустарга алмаштырылат.

Количество просмотров: 257