• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Бишкекте 3 бала бакча пайдаланууга берилди

27 Жетинин айы 202415:52 Бишкек Govori.TV

Бүгүн Бишкектеги Ак-Босого жаңы конушунда 140 орунга эсептелген №24 бала бакчанын, Калыс-Ордо конушундагы №29 жана Келечек конушундагы №27 бала бакчалардын ачылыш аземи өттү.

Бишкек мэри Айбек Жунушалиев өз сөзүндө бала бакчалардын ачылышы жаш муундардын өнүгүшүнө кошулган баалуу салым экенин белгиледи.

Айта кетсек, мектепке чейинки балдар мекемелеринде балдар үчүн уктоочу, оюн бөлмөлөрү, музыкалык бөлмөлөр жана атайын медициналык бөлмөлөр бар. Мекемелердин айланасы жашылдандырылып, заманбап балдар аянтчалары менен жабдылган

Количество просмотров: 157