12-июлда саат 17:00 чамасында Бишкек шаарынын С. Каралаев көчөсүндөгү курулуп жаткан көп кабаттуу үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, өрт кырсыгы катталган соң дароо министрликтин адистери тарабынан окуя болгон жерде текшерүү жүргүзүлдү.
Алдын ала маалыматтар боюнча, С. Каралаев көчөсүндөгү 60 дарегинде жайгашкан 14 кабаттуу турак жайдын 12-кабатында ширетүү иштери жүргүзүлүп жаткан учурда опалубка күйүп кеткен. Кырсык толугу менен өчүрүлүп, жабыркагандар катталган жок.
Текшерүүнүн жыйынтыгында ведомство тарабынан төмөнкүдөй чаралар көрүлдү: