• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Энергетика министрлиги: Жылуулук үчүн тариф көтөрүлбөйт, бирок ысык суу үчүн жогорулайт

13 Кулжа 202513:54 Бишкек Govori.TV

1-июндан тарта жылуулук энергиясына тарифти жогорулатуу долбоору колдоого алынган жок. Бул тууралуу “Биринчи радио” эфиринде Энергетика министрлигине караштуу отун-энергетика комплекси тармагын жөнгө салуу департаментинин тарифтик жана бааларды жөнгө салуу башкармалыгынын башчысы Замирбек Маматов билдирди.

Анын айтымында, министрлик 1-июндан тарта жалпы жашоо аянты 80 чарчы метрге чейин болгон калк үчүн тарифти нарктын 25 пайызына чейин көтөрүүнү сунуштаган. Ал эми 2026-жылдын 1-июнунан тарта – 50%, 2027-жылдын 1-июнунан – 75%, ал эми 2028–2030-жылдары – толук нарк деңгээлине чыгаруу каралган. Ошол эле учурда жалпы жашоо аянты 80 чарчы метрден жогору болгон калк, өнөр жай, бюджеттик жана башка керектөөчүлөр үчүн жылуулук жана ысык суу менен камсыздоо үчүн тарифти нарк деңгээлине чыгаруу сунушталган болчу.

Маматовдун айтымында, учурда жылуулук энергиясын өндүрүүнүн, жеткирүүнүн жана бөлүштүрүүнүн өздүк наркы 1 Гкал үчүн колдонулган отундун түрүнө жараша (табигый газ, мазут, электр энергиясы же көмүр) 4 850 сомдон 12 миң сомго чейин өзгөрөт.

«Бирок биздин жарандардын оор каржылык-экономикалык абалын эске алуу менен бул чаралар ишке ашкан жок жана 2025–2030-жылдарга жылуулук энергиясы боюнча орто мөөнөттүү тарифтик саясатты бекитүү тууралуу министрлер кабинетинин токтом долбоору кабыл алынган жок. Азыр биз 2021–2025-жылдарга каралган тарифтик саясатка ылайык иштеп жатабыз», — деп белгиледи Маматов.

Ошондой эле ал ысык суу менен камсыздоо боюнча тарифтер өзгөргөнүн билдирди: эгер мурда “Бишкекжылуулук” керектөөчүлөрү 1 куб. м үчүн 108 сом төлөшсө, 1-июндан тарта 126 сом төлөшөт.

Эскерте кетсек, “Бишкекжылуулук” аркылуу калкка жеткирилген жылуулук энергиясынын тарифтери төмөндөгүдөй: үйдүн аянты 80 чарчы метрге чейин болгондор үчүн – 1 560 сом/Гкал, ал эми 80 чарчы метрден жогору болгондор үчүн – 5 998,17 сом/Гкал.

Количество просмотров: 148