• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкекте 6 жашар бөбөктү иттер талап салган

2 Чын куран 202612:33 Бишкек Govori.TV

Бишкекте жаш бала иттердин таландысында калып, ооруканага түштү.

Милициянын маалыматы боюнча, окуя 1-апрелде Калыс-Ордо конушунда болгон. Жабырлануучу 2019-жылы туулган У.А. экени аныкталган. Милиция күбөлөр менен маектешип, окуя болгон жердин ээсин аныктаган. Үч ит атылган.

Алдын ала тергөө иштери башталды.

Ал эми жабыркаган бөбөктүн атасынын айтымында баласы ойноп жүрүп жыгылып кеткенде кошунанын үч ити талап салган.

«2-3 саатка созулган операция болду. Баш терисин тытып салышкан, колу-буту дагы жабыркаган”, — деген ал ЖМКларга.

Баланын абалы туруктуу деп бааланууда.

Количество просмотров: 170