• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Оштун губернатору менен бийге түшкөн бөбөк көпчүлүктүн назарын өзүнө бурду (видео)

29 Бештин айы 202213:49 Бишкек Govori.TV

Социалдык тармактарда Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов менен бийге түшкөн бөбөктүн видеосу тарады.

Маалыматка караганда, жаңы жылдык балаты күнү окуучулар үчүн атайы иш-чара уюштурулган. Анда кичинекей окуучунун берилип бийлеп жатканын көрүүгө болот.

Эске салсак, 26-декабрь күнү КР президентинин Ош облусундагы өкүлүнүн балаты майрамы болуп өткөн. Жаңы жылдык балаты майрамында балдар үчүн куурчак театры, театрлаштырылган оюн-зоок программалар уюштурулуп, аяз атага кат жазып, белек сураган балдардын кыялдары орундалган. Ошондой эле аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына Ош облусунун башчысынын атынан жылуу кийимдер белекке берилген.

Теги:
Количество просмотров: 15569