• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кыргызстанда наристелерге эң көп коюлган ысымдар кайсылар? (тизме)

13 Жалган куран 20269:42 Бишкек Govori.TV

«Кызмат» мамлекеттик мекемеси жаңы төрөлгөн ымыркайларга коюлган эң популярдуу ысымдардын тизмесин жарыялады.

Ага ылайык, эркек балдар үчүн эң популярдуу ысымдардын алдыңкы ондугуна төмөнкүлөр кирди:

  1. Мухаммад
  2. Умар
  3. Байхан
  4. Али
  5. Амир
  6. Усман
  7. Хамза
  8. Билал
  9. Алихан
  10. Имран

Тизмедеги ысымдардын көбү терең тарыхый жана диний маанини камтыйт. Мисалы, Мухаммад, Умар, Усман жана Али – мусулман дүйнөсүндө кеңири тараган жана маанилүү тарыхый инсандар менен байланышкан ысымдар. Ошону менен бирге кыргыз маданиятына жакын Байхан жана Алихан сыяктуу түрк тилдүү ысымдар да тизмеден орун алган.

Кыздар үчүн эң популярдуу ысымдардын алдыңкы ондугуна кирген ысымдын тизмеси:

  1. Айлин
  2. Сафия
  3. Фатима
  4. Амина
  5. Салиха
  6. Аиша
  7. Алия
  8. Аруузат
  9. Мариям
  10. Хадижа

Количество просмотров: 317