• Шейшемби 21 Бугу 2024
  • Вторник 21 Май 2024

Бишкекте 68 жарнама конструкциясы алынды

21 Теке 2023 11:52 Бишкек Govori.TV

Чүй проспектисин бойлой Бейшеналиева көчөсүнөн Фучик көчөсүнүн кесилишине чейин кире бериш топторду иретке келтирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Бишкек мэриясынан билдиришкендей, иштин жүрүшүндө 68 жарнама конструкциясы, баннерлер алынды.

Жеринде Ленин райондук акимиатынын, МАБдын, Жер пайдаланууну контролодоо боюнча башкармалыгынын жана «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери иш алып барды.

Түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин объектилердин ээлери ыктыярдуу түрдө бузуу иштерин жүргүздү.

Количество просмотров: 82