• Жума 10 Теке 2026
  • Пятница 10 Июль 2026

Бишкектин бир бөлүгүндө суу берүү токтоду

10 Теке 202612:30 Бишкек Govori.TV

Бүгүн саат 09:00 чамасында ХБО суу топтомосунда электр тармагына байланыштуу өзгөчө кырдаал катталгандыгына байланыштуу борбор калаанын айрым аймактарында суу берүү убактылуу чектелди.

Муниципалитеттин маалыматы боюнча, ичүүчү суу Чыгыш Чоң Чүй каналы, Анкара, Кыдыр-Аке, Оберон, Лев Толстой, М. Горький, 7-апрель көчөлөрү жана Аламүдүн суусу менен чектелген аймакта убактылуу өчүрүлдү.

«Учурда адистер авариянын кесепеттерин жоюу иштерин башташты. Оңдоо иштери учурунда суу топтомонун электр энергиясы толугу менен өчүрүлгөндүктөн, насостук жабдуулар иштебейт», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 32