• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Бишкекте №93 мектептин мугалимдери добуш сатып алуу үчүн үгүт жүргүзгөнү айтылды

30 Жалган куран 2021 14:47 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги №93 мектептин мугалимдери добуш сатып алуу үчүн үгүт жүргүзүп жаткандыгы тууралуу маалымат келип түштү. Бул тууралуу бүгүн, 30-мартта  координациялык топтун жыйынында ИИМдин өкүлү билдирди.

«Бишкек шаарынын Ленин районундагы №93 мектептин мугалимдери «Арча-Бешик» жаңы конушунда жергиликтүү элдерге добуш сатып алуу үчүн атайы үгүт иштерин жүргүзүп жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Аталган маалымат боюнча ыкчам тергөө тобу чыгып, ал жерден №93 мектептин директору, мугалимдери жана жашоочулары суралды. Бүгүнкү күндө териштирүү иштери аягына чыга элек, кошумча маалымат беребиз»,-деди ИИМдин өкүлү.

Количество просмотров: 143