Президент Садыр Жапаров бүгүн, 30-сентябрда Жогорку Кеңештин мөөнөтүнөн мурда таркатылганы тууралуу элге кайрылуу жасады.
Жапаров өз сөзүндө шайлоону калыс катары башынан-аягына чейин көзөмөлдөрүн убада кылды.
Ошондой эле президент мамлекеттик кызматкерлерди шайлоого аралашпоого чакырды.
«Айыл өкмөттөн баштап мага чейинки ар бир мамлекеттик кызматкерге, мугалимдерге, дарыгерлерге да кайрыла кетейин. Шайлоого аралашпаңыздар. Кимде ким аралашкан болсо, кызматтан кетип эле тим калбайсыздар. Катуу жазалайбыз. Талапкерлердин эл менен болгон чогулушуна барып катышууга тыюу салбайбыз.Чогулуштарга барып, талапкерлердин программасын угуп, анан жүрөккө жаккан талапкерге добушуңуздарды бере бериңиздер. Бирок үгүт иштерине катышпаңыздар. Баланча талапкерди өткөрөм, түкүнчө талапкерди жыгам деп чуркабаңыздар. Бул шайлоону калыс катары башынан-аягына чейин мен өзүм көзөмөлдөймүн»,-дейт президент.
Ошондой эле Жапаров эгер кайсы бир округда адилетсиз иштер болсо, БШКнын териштирүүлөрүнө жеке өзү барып катышарын же комиссия түзүп, ишенимдүү кишилерин жибере турганын айтты.