• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Бишкекте адашып кеткен 8 жаштагы бала аман-эсен табылды

7 Жетинин айы 2020 9:54 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында адашып кеткен 8 жаштагы бала аман-эсен табылды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 6-ноябрда болжол менен саат 17: 18 чамасында «102» кызматына 6-кичи райондон жаш бала жоголгону тууралуу маалымат түшкөн. Айтылган дарекке барган кайгуулчулар ыкчам аракеттерди жүргүзүп, көп узабай көп кабаттуу үйдүн короосунан табылган бала 27 жаштагы апасына жеткирилди.

«Издөө иштерин Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери Н.Адылбеков менен И.Сагындык уулу жүргүздү. Аларга баланын апасы ыраазычылык билдирди»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 84