2025-жылдын 13-август күнү Нарын-Эки-Нарын авто жолунун 43-44-чакырымында көпүрө сынып, оор жүк ташуучу унаасы айдоочусу менен Нарын дарыясына кулап кеткен. Унаанын айдоочусу 1984-жылы туулган Асанбеков Азамат Төлөбекович кырсыктан кийин дайынсыз болуп, аны издөө иштери дароо башталган. Бул тууралуу ИИМ басма сөз кызматы билдирет.
Мааоыматта, 15-август күнү издөө иштеринин жүрүшүндө, дайынсыз жоголгон айдоочунун жансыз денеси Нарын районунун Ак-Кыя аймагынан милиция кызматкерлери тарабынан табылган.
Азыркы учурда тиешелүү тергөө жана документтештирүү иштери жүрүп жатат.