• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Бишкекте айдоочу тротуарда турган велосипедченди ыргыта сүздү (видео)

20 Чын куран 2021 15:41 Бишкек Govori.TV

Бишкекте айдоочу тротуарда турган велосипедченди сүздү. Окуянын видеосу «Короче» Telegram-каналына жүктөлдү.

Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдиргендей, 19-апрелде болжол менен саат 16:55тер чамасында эки унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталган.

«Хонда Одиссей» унаасынын айдоочусу Токомбаев көчөсү менен чыгыш тарапка бара жатып, Токтоналиев көчөсүнүн кесилишинен Mercedes-Benz үлгүсүндөгү автоунааны сүзгөн. Айдоочу андан кийин Токомбаев көчөсү менен батышты көздөй бара жаткан велосипедченди коюп кеткен.

Жол кырсыгынан бир адам жабыркап, ооруканага жеткирилген. Учурда эки унаа тең убактылуу айып короо жайына токтотулуп, жол кырсыгынын келип чыгуу себеби териштирилүүдө.

Количество просмотров: 540