Бишкекте 2-май күнү айт намазына байланыштуу айрым көчөлөр жабылат. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2-май күнү таңкы саат 04:00дөн 08:00гө чейин К. Тыныстанов, кең Чүй, М. Фрунзе, жана Логвиненко көчөлөрү жабылат.
Кайгуул кызматы айдоочулардан автоунааларды белгиленген көчөлөргө токтотпоону суранат.