• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Суу каптаган көчөлөр. «Бишкек суу чарбанын» директору иштен алынды

16 Бештин айы 2023 0:20 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын мэри өзүнүн турак жай-коммуналдык чарба боюнча орун басарына, Октябрь районунун акимине сөгүш жарыялап, көчөлөрдү суу каптап кеткенине байланыштуу «Бишкексуучарба» муниципалдык ишканасынын директорун ээлеген кызматынан бошотууга буйрук берди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Борбор калаанын мэри Айбек Джунушалиев Бишкек шаарынын мэриясынын турак жай-коммуналдык чарба секторунун жетекчилери жана борбор калаанын райондорунун башчылары менен Ала-Арча дарыясынан суу ташкындап, шаардын түштүк бөлүгүндөгү көчөлөрдү каптагандыгы боюнча кеңешме өткөрдү.

Белгиленгендей, мэрияда өткөн пландуу жыйындарда дарыя жээктерин муздан жана ылайдан тазалоо боюнча аткарылып жаткан иштер боюнча жооптуу кызматкерлердин отчетторуна жана докладдарына карабастан, бүгүнкү күндө алар тараптан аткарылган иштер жетишсиз.

Бишкек шаарынын мэри суу чарба, ошондой эле өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардан Ала-Арча суусундагы муздун жана суулардын учурдагы көлөмүн, суу ташкындын себептери жөнүндө расмий маалыматты талап кылууну тапшырды жана борбор калаанын мэриясы менен макулдашуунун жоктугун белгиледи.

Кызматтык милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы жана турак жай-коммуналдык чарбанын ишине жетишерлик көзөмөл жүргүзбөгөндүгү үчүн мэрдин орун басары Ж.Ж. Шамыралиевге жана Октябрь райондук администрациясынын башчысы Ж.А. Орозалиевге сөгүш берилди. «Бишкексуучарба» муниципалдык ишканасынын директору Жумабек уулу Радик Ала-Арча дарыясынын нугундагы муздарды арылтуу боюнча чараларды көрбөгөндүгү, суунун абалына жана муздун көлөмүнө жетиштүү көзөмөл жүргүзбөгөндүгү, азыркы кырдаалды жөнгө салуу боюнча иштерди тез уюштура албагандыгы үчүн ээлеген кызматынан бошотулду.

Ошондой эле, жыйындын жыйынтыгында боюнча мэр А.Ж. Джунушалиев тарабынан төмөнкү тапшырмалар берилди:

Ала-Арча дарыясын муздан тазалоо иштерин аяктоо; Ала-Арча дарыясынын жанындагы сел каптаган жолдорду, жөө адамдар өтүүчү аймактарды жана үйлөрдүн короолорун тазалоо иштерин жүргүзүү; райондук муниципалдык администрациялар тарабынан күнү-түнү нөөмөттү уюштуруу; жакын жердеги сугат тармагын тазалоо; мындай жагдайларды болтурбоо үчүн иш пландарын карап чыгуу.

Количество просмотров: 215