• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкекте алыш боюнча Азия чемпионаты өтүп жатат

13 Чын куран 202616:06 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги «Жаштык Арена» спорт комплексинде алыш күрөшү боюнча Азия чемпионаты өтүүдө. Жарышка 15 өлкөнүн спортчулары катышууда. Кыргызстан үчүн негизги максат — улуттук спорт түрү болгон алышты эл аралык деңгээлге чыгаруу.

Алыш — бел кур менен кармалып күрөшүлүүчү кыргыздын салттуу күрөшү болуп, анда тең салмак, ыкчамдык жана так ыргытуу негизги роль ойнойт. Күрөш башталар алдында калыс “Алыш” деген команда берет.

24 кыргызстандык спортчу чемпионатка катышууда: 12си классикалык, 12си эркин стилде күч сынашууда. Алардын ичинен 6 кыз жана 6 жигит бар.

Улуттук курама команда физикалык даярдыкка жана клем үстүндөгү машыгууларга өзгөчө көңүл бурушкан.

Катышуучулардын арасында аралаш боюнча спортчу, Кыргызстандын төрт жолку чемпиону Бегайым Акбалаева да бар. Ал үчүн бул мелдеш — эл аралык деңгээлде алтын медаль утуп алуу мүмкүнчүлүгү.

Алыш спорту учурда UWW жана Дүйнөлүк алыш федерациясынын колдоосу менен өнүгүүдө. Адистердин айтымында, келечекте бул спорт Олимпиада оюндарына кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Эгер бул максат ишке ашса, алыш Кыргызстан үчүн дзюдо Жапония үчүн кандай мааниге ээ болсо, ошондой эле улуттук брендге айланышы мүмкүн.

Количество просмотров: 67