• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Азия чемпионаты: Бүгүн кайсы балбандар килемге чыгат?

7 Чын куран 20269:23 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында спорттук күрөш боюнча Азия чемпионаты уланууда. 

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, мелдештин экинчи күнү килемге грек-рим күрөшүнүн балбандары чыгып, 60, 67, 72, 82 жана 97 кг салмак чендеринде күч сынашат.

Бул күнү Кыргызстандын курама командасынын атынан төмөнкү балбандар күч сынашат:

60 кг чейин — Курманбек Жапаров;
67 кг чейин — Раззак Бейшекеев;
72 кг чейин — Амантур Исмаилов;
82 кг чейин — Ырыскелди Максатбек уулу;
97 кг чейин — Мелис Айтбеков.

Количество просмотров: 140